Биз менен байланышыңыз

ЕС Беларусияга санкция киргизди. Лукашенко тизмеде жок

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 627 | 0

Евробиримдик президенттик шайлоодон кийин башталган өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Беларусияга санкция киргизди. Бул тууралуу Европалык кеңештин башчысы Шарль Мишель билдирди.

Анын айтымында, учурда 40тай кызматкерге чектөөлөр жарыяланган. Азырынча бул тизмеге Беларусиянын президенти Александр Лукашенко кирген эмес.

Франция президенти Эммануэль Макрон, азыр Лукашенкону тизмеге киргизүү сүйлөшүү процессине тоскоолдук кылышы мүмкүндүгүн айтат.

Макрон, эгер беларус президенти өз эли менен диалог түзө албаса, кийинчерээк ага карата да санкциялар киргизилиши мүмкүндүгүн белгилейт. Буга чейин Лукашенко Евробиримдигинин санкциялар тизмесинде 2016-жылга чейин болгон.

Евробиримдиги Лукашенко 80% менен жеңгени аныкталып, 9-августта Беларусияда өткөн президенттик шайлоону мыйзамдуу деп тааныган эмес.

Лукашенкону легитимдүү президент катары кабыл албай, ага жана беларустун расмий өкүлдөрүнө карата санкция киргизгендердин катарында Британия менен Канада да бар.

бул окуяга байланыштуу чектөө тизмесин Латвия, Литва жана Эстония өлкөлөрү да жаңылаган.

Беларусияда дээрлик 2 айдан бери массалык нааразычылык акциялары уланып келет. Алар Александр Лукашенконун отставкасын талап кылып, жаңы шайлоону өткөрүү керектигин айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM