Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Беларусия чек арасын жабат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 884 | 0

Беларусь бийлиги коронавируска байланыштуу бүгүн, 20-декабрдан тарта өлкөнүн чек арасын убактылуу жабат.

Тийиштүү токтомго ылайык, өзгөчө себеби бар жарандар гана өлкөдөн чыга алышат.

Пандемия башталгандан бери Беларусияда 150 миңден ашык адам вирус жуктуруп алган, 1200гө жакын бейтап каза болгон.

Пандемиянын башында бийлик катаал карантин киргизген эмес, өлкө президенти Александр Лукашенко колду бат-баттан жууп, хоккей ойноону сунуштап, коронавирусту чоң маселе көрбөй турганын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM