Биз менен байланышыңыз

Лукашенко Олимпиада оюндарына киргизилбейт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 758 | 0

Беларусия президенти Александр Лукашенко Олимпиада оюндарына жана Эл аралык олимпиада комитетинин оюндарына киргизилбейт. Бул маалыматты Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах таратканын расмий сайты жарыялады.

Анда Лукашенконун спортчуларды саясий басымдан коргобогону айтылат.

Мындай чектөөлөр президенттин улуу уулу Виктор Лукашенкого да тиешелүү. Тыюу салуу эң аз дегенде 2021-жылдын февралына чейин уланат.

Ошондой эле эл аралык уюм Беларусь өлкөсүнүн Улуттук олимпиада комитетине бардык төлөмдөрдү токтотот. Ал эми беларустук спортчуларга олимпиадалык стипендия түз жөнөтүлүп турат.

 

Copyright © 2017 Maral FM