Биз менен байланышыңыз

Президент Ооганстандагы кырдаалга арналган ЖККУнун сессиясына катышат

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 843 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.

Сессия Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.

Иш-чарага Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышары күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM