Биз менен байланышыңыз

Лукашенко: Менден кийин бир дагы уулум президент болбойт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 1000 | 0

Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун тун уулу Виктор атасынын ордуна Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Лукашенко 1997-жылдын май айынан бери УОКту жетектеп келген. Президенттин тун уулу 2019-жылдын ноябрь айында УОКтун биринчи вице-президенти кызматына дайындалган.

Социалдык тармактарда Беларусиянын Улуттук олимпиада комитетиндеги шайлоонун видеосу тарады. Анда Александр Лукашенко менен Виктор Лукашенко УОКтун президенттигине талапкер катары көрсөтүлгөнү чагылдырылган.

«Ал азыр мага атаандашып жатабы? Эгерде эки талапкер болсо, анда атаандаштык бар», — деди Александр Лукашенко

Өз кезегинде «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги да иш-чарадан кадрларды жарыялады. Анда Лукашенконун бир катар маселелер боюнча комментарий берип жатканы көрсөтүлгөн.

«Эгерде эки талапкер көрсөтүлүп жатса, бул — мен үчүн жаңылык. Менин кайрадан шайланам деген оюм жок болчу. Мен сиздерге уулумду тапшырам. Уурулук, коррупция, каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу болбойт деп убада берем. Спортчуларга жана машыктыруучуларга болгон мамиле абдан жакшы болот. Мен ансыз деле спорттон алыс болбойм. Бул жерде эч ким, жадагалса олимпиаданын чемпиондору да мен сыяктуу спортту сүйбөйт. Уулу ар дайым атасына тигил же бул көйгөйдү айтууга мүмкүнчүлүгү бар. Өз кезегинде бийликти уулуна өткөрүп берүү маселеси биздин үй-бүлөдө эч качан талкууланган эмес. Беларусияда менден кийин менин балдарымдын бири да президент болбойт. Эгерде Виктор шайланып калса, ал мамлекеттик кызматкер болбойт, ал бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча жардамчы кызматынан бошотулат», — деди Лукашенко.

Беларусиянын оппозициясы Виктор Лукашенконун уюмдун башчылыгына шайланышы Эл аралык Олимпиада Комитетинин (ЭОК) санкцияларын андан ары катаалдаштырууга алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Эл аралык Антикризистик департаменттин өкүлү Вадим Кривошеев билдиргендей, ЭОКтун санкциялары эки Лукашенкого тең колдонулуп жатат.

«Бул ЭОКко Беларусияга каршы санкцияларды кеңейтүү үчүн гана эмес, күчөтүү үчүн белги болот деп ишенем», — деп айтылат администрациянын Telegram каналындагы билдирүүсүндө.

Ал арада Александр Лукашенко Беларусиянын оппозициясын колдогон спортчуларды чыккынчылыкка айыптады. Анын айтымында, учурдагы жана мурунку спортчулар эл аралык уюмдардын фойелеринде отуруп, биздин олимпиадалык кыймылга жана өлкөбүзгө каршы санкцияларды сурап жатышат.

«Мекенге чыккынчылык кылуу менен бакытка жетүүгө болбойт», — деп кошумчалады ал.

Беларусияда Александр Лукашенконун президенттик шайлоодогу жеңишине каршы массалык нааразычылык акциялары дээрлик 7 айдан бери уланууда.

Демонстранттар чиновниктерди добуштарды бурмалады деп айыптап, жаңы, таза шайлоону жана саясий туткундарды бошотууну, ошондой эле коопсуздук күчтөрүнүн митингчилерге каршы өзүм билемдик аракеттерин токтотууну талап кылышууда.

Оппозициялык топтор бийликти өткөрүп берүү үчүн Координациялык кеңеш түзүштү, бирок акыры Координациялык кеңештин президиумунун айрым мүчөлөрү камакка алынып, айрым мүчөлөрү депортацияланды.

Copyright © 2017 Maral FM