Биз менен байланышыңыз

Лукашенко инаугурациясын сындагандарга жооп кайтарды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 516 | 0

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Кытай элчиси менен болгон жолугушууда инаугурациясын жашыруун өткөрдү деген сын-пикирлер тууралуу айтып өттү. Бул тууралуу БелТА жазып чыкты.

«Айрыкча коңшу өлкөлөргө таң калам. Кошуна мамлекеттер Кудайдан, аларды атайын тандап албайсың. Ошондуктан биз достук мамиледе, чогуу жашашыбыз керек. Бирок ар дайым эле андай боло бербейт экен. Кошуна өлкөлөр, айрыкча Польша, силер кандай позицияны ээлегениңерди билесиңер. Кечээки инаугурация боюнча да поляктарга, литвалыктарга, украиналыктарга, чехтерге иш-чара тууралуу айткан жоксуңар деген туура эмес сындар болуп жатат»,- деди ал.

«Беларусиянын мыйзамы боюнча биз батыш өлкөлөргө, негизи эле эч кимге эскертип, билдирүүгө милдеттүү эмеспиз деп ойлойм. Бул — биздин өлкөнүн ички иши. Сындар боюнча: сыр кылып, жашыруун түрдө деп. Билсеңиздер, инаугурацияга аскерлер менен кошо 2 миңден ашык адам чакырылган. Мындайда практика жүзүндө деле сыр кылып жашырып калуу мүмкүн эмес болчу»,- дейт Лукашенко.

23-сентябрда Минск шаарында Беларусиянын президенти Александр Лукашенко алдыдагы 5 жыл аркалай турган президенттик кызматка расмий киришүү үчүн ант берди.  Инаугурация жашыруун даярдалганы, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылбаганы көп мамлекеттер арасында сынга алынган.

Беларусия: Демонстранттар кармалып, сынга калган Лукашенко

Copyright © 2017 Maral FM