Биз менен байланышыңыз

Беларусия: Демонстранттар кармалып, сынга калган Лукашенко

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 467 | 0

Беларусияда Александр Лукашенконун инаугурациясына каршы чыккан демонстранттардын 250дөн ашыгы милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу Беларусияда катталбаган «Весна» укук коргоо борбору маалымдады.

Аталган борбор кечээ, 23-сентябрда нааразычылык учурунда кармалган 259 адамдын аты-жөнүн чыгарган. Кармалгандардын көпчүлүгү Минск шаарында болду. Ошондой эле Минскиде милиция Лукашенконун инаугурациясына каршы чыккан кишилерди суу бүркүп таратты. Бул шаардын борборунда 5 миңден 7 миңге чейин нааразы болгон адамдар чогулган, кийинчерээк атайын даярдалган аскерлер тобу келип, алардын бир тобун кармап кетишкен.

Нааразычылыкка чыгып, көчөлөрдү бөгөп, милиция менен кагылышып, демонстранттарды суу бүркүп кууган окуялар Беларусиянын башка шаарларында да катталды.

Кечээ, 23-сентябрда Беларусиянын президенти Александр Лукашенко алдыдагы 5 жыл аркалай турган президенттик кызматка расмий киришүү үчүн ант берди. Инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

Лукашенконун инаугурациясы жашыруун түрдө өттү

66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат.

Александр Лукашенкону президент катары кабыл албаган мамлекеттер да көп.

Польшанын президенти Анджей Дуда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөп, дүйнө лидерлеринен Беларусияда адам укугунун сакталышын талап кылууга чакырды.

Беларусияда хоккей боюнча жаш курамдын машыктыруучусу Александр Руммо күч түзүмдөрүнүн аракетине нааразычылыгын билдирип, кызматтан кетти.

Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань Лукашенконун жашыруун өткөргөн инаугурациясын сындады. Ал мындай аракет менен келгендерди легитимдүү президент деп таанууга болбой турганын жана кайрадан адилеттүү шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

АКШ да Лукашенкону мыйзамдуу президент деп тааныбай турганын билдирген.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да Александр Лукашенконун инаугурациясы ал Беларусиянын легитимдүү президенти дегенди билдирбей турганын жазган.

Британиянын тышкы иштер министри да Лукашенконун бул аракетин сындаган. Буга чейин Европа өлкөлөрү да шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылган.

Александр Лукашенкону президенттик кызматына расмий киришүүсү менен куттуктаган жетекчилер да жок эмес. Алардын катарында Кыргызстан президенти да бар. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да кесиптешине куттуктоо телеграммасын жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM