Биз менен байланышыңыз

Лукашенконун инаугурациясы жашыруун түрдө өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 793 | 0

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко бүгүн президенттик кызматка расмий киришүү үчүн ант берди. Бирок ант берүү аземи жашыруун түрдө болуп өттү.

Буга чейин беларус басылмалары Минсктин Эгемендик аянтында күч кызматкерлери жүргөнүн, алардын кийиминен улам расмий иш-чара болорун боолголоп жаткан. Анткени Ак үй инаугурация тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.

Президент Лукашенко ант берүү аземинен кийинки сезимдери тууралуу «БелТА» басылмасына айтып берген. Лукашенко бүгүнкү күн өзгөчө салтанаттуу экенин айтып, беларус эли үчүн кызмат кылууга сыймыктануу менен киришип жатканын белгилеген. Ошондой эле, «Президенттин расмий кызматка киришкен күнү — бул биздин ишенимдүү жана тагдыр чечүүчү жеңишибиздин белгиси. Биз бир гана президентти тандаган жокпуз, биз көз карандысыздыгыбызды, тынчтыкты жана өз элибиздин баалуулуктарын да кошо коргоп калдык»-деп кошумчалаган.

Иш-чарага кимдер чакырылганы жана катышуучулар тууралуу эч кандай кошумча маалымат берилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM