Биз менен байланышыңыз

Беларусиядагы демонстрацияда кармалгандар 600гө чамалады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 566 | 0

11-октябрь, жекшемби күнгө карата Беларусиядагы нааразычылык акциясында укук коргоо органдары тарабынан кармалгандардын саны 580ден ашты. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди.

Мекеменин сайтына жарыяланган жаңыланган тизмеде күч түзүмдөрү тарабынан кармалган 585 адамдын аты аталды.

Жекшемби күнү нааразычылык акциясын чагылдырган кырктан ашуун ЖМКнын өкүлдөрү кармалган, көпчүлүгү кийинчерээк бошотулган. Акция Березовка, Брест, Бобруйски, Витебск, Гомел, Гродно, Жлобин, Кобрин, Могилев, Молодечно, Пружанах жана Солигорски шаарларында өттү. Минскиде оппозиция күчтөрү «Намыс маршын» өткөрүүгө аракет кылышкан, бирок күч кызматкерлери буга жол беришкен жок.

Беларусияда нааразычылык акциялары эки айдан бери уланып келатат, ал президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин дароо башталган. Нааразычылыкка чыккандар Александр Лукашенконун отставкасын талап кылып, жаңы шайлоо өткөрүү керектигин айтып келишет. Расмий маалыматтарга ылайык, Александр Лукашенко алтынчы жолу жеңишке жетишкен.

Тажикстан: Эмомали Рахмон 90% добуш менен жеңип чыкты

Copyright © 2017 Maral FM