Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Эмомали Рахмон 90% добуш менен жеңип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 622 | 0

Тажикстанда өткөн президенттик шайлоодо учурдагы президент Эмомали Рахмон 90,92% добуш менен жеңип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода маалымдады.

Рахмонго 3 млн 837 миң шайлоочу добуш берген.

Коңшу өлкөдө президенттик шайлоо 11-октябрда өттү. Тажикстанда жалпы 4 млн 946 миң 289 шайлоочу катталган, анын ичинен 4 млн 221 миң 76 адам шайлоого катышкан. Жалпы шайлоочулар 85,39 пайызды түздү.

Президенттикке беш талапкер ат салышты:

  1. Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, «Жаштар биримдиги жана Элдик-демократия» партиясынан учурдагы президент Эмомали Рахмон — 3 млн 837 миң же 90,92%
  2. Агрардык партиядан Рустам Латифзода – 127 миң 746 же 3,03%;
  3. «Социал-демократтар» партиясынан Абдухалим Гаффорзода – 62 миң 835 же 1,49%;
  4. «Экономикалык реформалар» партиясынан Рустам Рахматзода — 90 миң 587, же 2,15%;
  5. Коммунисттик партиядан Миродж Абдуллоев — 49 миң 212, же 1,17%.

Эмомали Рахмон Тажикстандын 3-президенти, ал 1994-жылдан бери өткөн шайлоолордун баарында жеңишке жеткен. 2016-жылы 4-февралда Тажикстандын Жогорку соту Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамдуу деп тапкан. Ага ылайык, президент Эмомали Рахмон шайлоого чектөөсүз катышууга укук алган.

Copyright © 2017 Maral FM