Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефондо сүйлөштү

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 1390 | 0

Президент Садыр Жапаров Тажикстан мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын алдында түзүлгөн медиа штабдан маалымдады.

Эки тарап буга чейин келишилген келишимдеги милдеттерди белгилеп, чек арадагы абалды кыска убакытта жөнгө салууга ишенимин билдиришти.

Сүйлөшуүдө эки президент тең аскердик техникалар чектешкен аймактардан артка кайтаруу чечимине келишти.

Мындан тышкары эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан менен Тажикстандын биргелешкен комиссиясын түзүп, кыргыз-тажик чек арасынын периметри боюнча бардык аскердик техникаларды кайрадан карап чыгуу жөнүндө макулдашышты.

Ошондой эле чектешкен аймактарда чагымчыл аракеттерге жол бербөө керектигин сүйлөшүштү.

Бул арада эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиялары да сүйлөшүү жүргүзүп жатканы да белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM