Биз менен байланышыңыз

Көрүнбөй кетти делген Эмомали Рахмон Хатлон облусуна иш сапары менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 1358 | 0

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 24-мартта Хатлон облусуна иш сапары менен барды. Президенттин аталган аймакка 22-мартта барары жарыяланып, бирок белгисиз себептерден улам башка күнгө жылдырылган болчу.

Иш сапарынын кийинкиге жылдырылышы Рахмондун 10-марттан бери эл алдына чыкпай, ден соолугу начарлаганы тууралуу сөздөрдү ырастагандай болгон.

Айрым сайттар, андан сырткары социалдык тармактар 68 жаштагы Эмомали Рахмон ооруп жатышы мүмкүн экенин, мамлекет башчылык милдети анын баласы Рустам Эмомалиге жүктөлгөнүн жазышкан. Ошондой эле соңку күндөрү президенттин расмий сайтындагы сүрөттөр да жаңыртылбай калганы белгиленген.

Президенттин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода бул маалыматтарды четке кагып, өлкө башчысынын ден соолугу жайында экенин билдирген.

Буга чейин да Тажикстан президентинин иш сапары артка жылдырылган, эл алдына чыкпай калган учурлары катталып, өлкө башчысынын абалы начардыгы айтылып, кийин кайра бул маалыматтар төгүнгө чыгарылган окуялар орун алган.

68 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келет.

Copyright © 2017 Maral FM