Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 600 | 0

Бүгүн, 27-октябрда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун акими Баховадин Баходурзода менен биргеликте Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хожъало айылына чектешкен төрт көчө участогунда чек арадагы соңку катталган окуяларды талкуулоо, алдын алуу боюнча жолугушту.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

  1. Чек аралаш аймактарда шарттуу чек ара сызыгына жакын курулуш иштерин жүргүзбөө;
  2. Мал-жандыктар эгерде чек арадан өтүп кетсе, эки тарап тең кармабай, өз жерине кайтаруу (чыгарып жиберүү);
  3. Аткезчиликке бөгөт коюу боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү биргеликте иш-чараларды жүргүзүү – жоопкерчилик эки облустун чек ара кызматтарында;
  4. Суу маселеси боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери бүгүн саат 16:00дө жолугушуу өткөрүп, бирдикте чек аралаш аймактарда жөө жүрүп, кайсыл жерде көйгөйлүү маселелер бар жер-жеринде чечүү.

Жыйындын алкагында эки облустун башчылары эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине өз ара сүйлөшүү, макулдашуу боюнча убакыт бөлүп беришти.

Copyright © 2017 Maral FM