Биз менен байланышыңыз

Токаев Тажикстанга расмий визит менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 мая 2021 | 1102 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга 19-20-май күндөрү расмий визит менен барат. Бул сапар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен уюштурулууда.

Жолугушуу тар жана кең форматта өтөрү пландалган.

Визит алкагында эки өлкө башчылары казак-тажик стратегиялык өнөктөштүгүнө басым жасап, саясий диалогдун бекемделиши, соода-экономикалык өнүгүү, инвестициялык жана маданий-гуманитардык алаканын бекемделиши тууралуу сөз болмокчу.

Андан сырткары, Борбор Азиядагы стабилдүүлүк жана коопсуздук, аймактык катышты активдештирүү маселесине да өзгөчө көңүл бурулары айтылды.

Буга чейин Тажикстандын ТИМи Рахмон менен Токаевдин жолугушуусу майдын экинчи жарымына пландалганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM