Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти Садык Шер-Ниязга «Достук» орденин тапшырды

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 614 | 0

Коомдук ишмер, кинорежиссёр Садык Шер-Нияз Казакстан Республикасынын II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сыйлоо аземи бүгүн, 25-майда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өттү. Орденди Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды. Ал өз сөзүндө Президент Токаев Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тасмасын жогору баалай турганын айтып, бул тарыхый тасманын маанисин жана Садык Шер-Нияздын азыркы кыргыз маданиятындагы ордун баса белгиледи.

Орден тагуу салтанатына келген Президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов президенттин атынан Садык Шер- Ниязга белектерди тапшырды.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган бир катар маданият жана искусство ишмерлери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM