Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Рахмон чек араны тактоо боюнча кийинки кадамдарды белгилешти

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 695 | 0

Бүгүн, 29-июнда президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери чек ара тилкелериндеги коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык жана региондук, эл аралык уюмдардын алкагында тышкы коркунучтарга каршы аракеттенүү, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы талкууланды.

Президент Эмомали Рахмон Тажикстан менен Кыргызстан эл аралык аянтчаларда, биринчи кезекте БУУ, ЖККУ, ШКУ, ЕККУ жана КМШ алкагында активдүү кызматташып жатканын белгиледи.

Ал эки тараптуу мамилелердеги башкы маселе, мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо, демаркациялоо менен байланыштуу экенине басым жасады.

«Бул маселенин көп жылдан бери токтоп турганы эки тарапты тең тез арада өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу зарылдыгына ынандырат», — деди Рахмон.

Анын айтымында, чек арадагы акыркы окуя тараптардын чек ара маселелерин трансулуттук кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керектигин ачык көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен болгон өз ара мамилелерди жогору бааларын белгиледи.

«Биз ар дайым кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү, көп кырдуу кызматташууну тереңдетүү, коңшулук мамилелерди жана тең укуктуу өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын узак мөөнөттүү приоритеттерине дал келерин билдирип келдик. Бул айтылгандар бүгүнкү күндө да актуалдуу. Анын үстүнө тараптар каалабаган жаңжалды баштан кечиришти, ал эки тарапка тең кайгы, зыян алып келди. Бул кырдаалды эки элдин бакубатчылыгы үчүн чечүүгө акылыбыз жетет деп ишенем», — деди Жапаров.

Президент кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселелерди тезинен макулдашып чечүү жана тийиштүү келишимге кол коюу кызматташуунун жаңы багыттарын ачарына, эки тараптуу кызматташуунун бүткүл комлексин активдештирүүгө өбөлгө болоруна басым жасады.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн, өзгөчө, чек ара райондорунун элинин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, чек аралаш райондордогу коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу иштерин улантуунун, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар бардык чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM