Биз менен байланышыңыз

Макей: «Беларусиянын тагдырын өз эли чечет»

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2020 | 589 | 0

Беларусиянын Тышкы иштер министри Владимир Макей өлкөдөгү кырдаал тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясында видео кайрылуу кылып жатып айтты.

“Беларусиянын келечеги өзүнүн эли тарабынан чечилет. Бул биздин тарыхыбызда так далилденген. Эч кандай баррикада менен эмес, маданияттуу түрдө диалогдун негизинде жана ишке ашырыла баштаган Конституциялык реформанын арты менен жөнгө салынат”,-деди Макей.

Беларусиядагы башаламандыктар президенттик шайлоодон кийин 9-августта башталган. Өлкөнүн Боршайкому шайлоодо Лукашенконун 80,1% добуш менен жеңгенин жарыяласа, оппозициячылдар жыйынтык менен макул эместигин билдирген. Алар Светлана Тихановскаяны жеңди деп эсептешет.

Митингдин башталышында бийлик күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газдарды, водометторду жана катуу үн чыгаруучу заттарды, желим окторду колдонгон. Нааразычылык акциясынын башталышында 6 700 адам кармалган. Митингдин арты менен 3 адам каза тапканы маалымдалган болчу.

Лукашенко 23-сентябрь күнү ант берүү аземин Көзкарандысыздык сарайында өткөрдү. Бул иш-чара нааразычылык акциясынын жаңы толкунуна себеп болду.

Copyright © 2017 Maral FM