Биз менен байланышыңыз

Франция орусиялык министрлер менен жолугушууну токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 632 | 0

Париж Франция менен Орусиянын тышкы иштер министрлери менен коргоо министрлеринин биргелешкен жыйынын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу кечээ, 8-сентябрда Франциянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аньес фон дер Мюль билдирди.

«Учурдагы шарттарды эске алуу менен, Франция менен Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин жыйынын жылдыруу чечими кабыл алынды»,-  деди ал пресс-конференцияда.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги эки тараптуу жолугушуунун жылдырылышынын себеби боюнча кеңири маалымат берген жок, бирок бул тема боюнча  орус тарап менен диалог болгонун көрсөттү.

Маалымат агенттиктеринин айтымында, жолугушуу 14-сентябрга белгиленген болчу, бирок Франция жолугушуунун жаңы датасын сунуштаган жок.

Буга чейин Германиянын канцлери Ангела Меркель Евробиримдик Орусиянын оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын ууландырылышына каршы жалпы чараларды иштеп чыгышы керектигин белгилеп, Бундестагдын тышкы саясат комитетинин башчысы  Норберт Рёттген Германия менен Франция Орусия менен мамилелеринде жалгыз иш-аракетин токтотушу керектигин билдирген.

Ошондой эле Меркелдин партиясынан саясатчылардын бири Франция мындан ары Орусия менен эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө ишенбеши керектигин жана Германиянын буга чейин «Түндүк агым-2» газ түтүгүн куруу долбоорунан баш тартуусу керектигин билдирген.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Навальный 22-августта атайын учак менен Германияга жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчынын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

7-сентябрда Берлиндеги «Шарите» клиникасы Навальныйдын ден-соолугу жакшырып, комадан чыгарылганын кабарлаган. Навальный атайын коюлган жасалма аппараттан чыгарылып, айланасындагыларга реакция кыла баштаганы айтылган. Дарыгерлердин айтымында, уулануунун кесепеттерин баалоого али эрте жана ден соолугунун калыбына келүүсү  көп убакытты талап кылат.

Copyright © 2017 Maral FM