Биз менен байланышыңыз

Улуу Британиянын жаңы карантиндик чектөөлөрү 6 айга созулушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 508 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдиргендей, Covid-19 оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу өлкө өкмөтү киргизип жаткан жаңы чектөөлөр дагы алты ай бою күчүндө болушу мүмкүн.

ВВС маалымдагандай, карантин чараларын Улуу Британиянын башка бөлүктөрү — Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия өздөрү аныкташат.

«Бул бизнестин чоң бөлүгүнө таасирин тийгизет деп өкүнөм, бирок биз иш-аракет кылышыбыз керек», — деди премьер-министр.

Ошентип, алты кишиден турган топторду чогултуу мүмкүн болбой калган Англияда чектөөлөр күчөйт, бирок карантиндин кесепетинен олуттуу жоготууларга байланыштуу чакан ишканалардан түшкөн арыз-даттануулардын учурунда өкмөт мындан катуу чараларды көрбөйт.

Жонсон бул чектөөлөр алты айга чейин күчүндө калышы мүмкүн экендигин белгиледи.

«Бул вирус жашообуздагы көрүнүш болуп калды. Мен парламент депутаттарына жана бүтүндөй өлкөгө ага каршы күрөшүбүз уланарын айтууга милдеттүүмүн», — деди өкмөт башчы.

Акыркы жумаларда Британияда Covid-19 оорусу менен ооругандардын саны кескин көбөйдү. Дүйшөмбү күнү өкмөттүн илимий жана медициналык кеңешчилери эгер оору азыркыдай деңгээлде жайылып кетсе, октябрь айына чейин өлкөдө күнүнө 50 миңге чейин адам оорушу мүмкүн экенин эскертишти.

Copyright © 2017 Maral FM