Биз менен байланышыңыз

5-класска чейин эле окуган… Генерал Сулейманинин таржымалы

Блог | 7 Янв 2020 | 5229 | 0

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «КУДС» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу боюнча АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам мерт болгон. Өз кезегинде Иран бул өлүм үчүн өч аларын билдирип, АКШ армиясы толук аскердик даярдыкка келтирилгени тууралуу кабарлар дүйнөнүн үрөйүн учурууда. Эки өзөктүк державанын тиреши эмне менен бүтөт деп учурда дүйнө элинин эси чыгып турган чак.

  Ислам революциясынын каарманы

Өлтүрүлгөн генерал 62 жашта болгон. Ал кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп, болгону 5 класс билимге ээ болгон. Мектептин башталгыч классын бүтүргөндөн кийин иштей баштаган. Сулеймани Ислам революциясынын идеяларын колдоп, анын алгачкы күндөрүндө эле келечекте элиталык бөлүк боло турган “КУДС” аскердик бөлүгүнүн катарында жоокер болуп катталган. Бул аскердик бөлүк жеке Ирандын башкаруучусуна гана баш ийген.

1998-жылы Касем Сулеймани “КУДС” атайын бөлүгүн жетектеп баштап, чет өлкөдөгү жашыруун операцияларды уюштура баштаган. Бул элиталык бөлүк катышкан белгилүү фактылардын ичинде анын сириялык конфликтке катышкандыгы, ошондой эле Башар Асаддын күчтөрүнө колдоо көрсөткөндүгү белгиленген. Мындан сырткары, “КУДС” Ирактагы Ислам мамлекети террористтик уюмуна каршы турган шииттерден түзүлгөн аскердик кошуундарга жардам берген.

АКШ президентинин администрациясы жана Пентагондун билдирүүсүнө караганда “КУДС” атайын бөлүгү Ирандын чет өлкөдөгү топторго колдоо көрсөтүүчү негизги механизми болуп, АКШда террористтик уюм катары таанылган. АКШ бул атайын бөлүктү террористтерди курал, каражат, акча менен каржылап, террорчуларды согуш өнөрүнө машыктырып турган деп эсептейт.

Сулеймани “КУДСтун” жетекчиси болгондон кийин жана анын Сириядагы, Ирактагы операцияларынан улам, элге анчейин таанылбаган генералдын персонасы ага Иранда укмуштуудай атактуулукту алып келген. Ушул окуялардан кийин ал Ирандагы эң жөндөмдүү аскер башчысы катары таанылып чыга келген.

Сулейманинин белгилүүлүгү

Касем Сулеймани Орусияда да белгилүү болгон. Түркиялыктар атып түшүргөн Су-24М учагынын учкучу Константин Мурахтинди 2015-жылдын ноябрь айында Сулеймани эвакуациялап чыккандыгы тууралуу  Sputnik агенттиги учурунда жазып чыккан.

Ал эми  Газета.Ru Сулеймани Кремлди Сириядагы операцияларды баштоого көндүргөндөрдүн бири экендигин жазып чыккан. Басылманын булагы Сулеймани бир канча ирет Москвада болгонун белгилейт. Батыштык ЖМКлар аны орус операциясынын “архитектору” деп аташкан. Президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков 2016-жылы Сулеймани Путин менен жолугушпаганын айтып чыккан. Бул орус президентин каралоо максатында жазылган макала экенин билдирген.

Сулейманинин ысымы Ирандын өзөктүк программасына тиешеси бар жогорку кызматта турган 15 аскердик жана саясий ишмерлердин катарында БУУнун кара тизмесине киргизилген.

Реакциялар жана түшүндүрмөлөр

Чабуулдан кийин Пентагон кол салуунун максаты Сулеймани экендигин билдирген. Абадан сокку уруу Дональд Трамптын көрсөтмөсү менен ишке ашырылган. Өзүнүн аракетин аскердик ведомство Сулеймани жана “КУДС” жүздөгөн америкалык жана коалициялык аскер кызматкерлеринин өлүмүнө жоопкерчиликтүү экендиги жана миндеген жоокерлердин жаракат алгандыгы менен түшүндүрүшкөн.

“Ал акыркы айларда Ирактагы коалициянын базаларына кол салууну уюштуруп, анын ичинде 27-декабрдагы кол салуудан америкалык жана ирактык кызматкерлер жабыр тартып, арасында курман болгондор да болгон деп New York Post  жазып чыккан кабарды Пентагон мисал келтирген.

Мындан сырткары, Вашингтон Сулейманини Ирактын башкалаасында 31-декабрда шииттердин “Катаиб Хезболлах” аскердик тобунун АКШ элчилигине кол салууну жана башаламандыкты уюштурганын колдогону үчүн күнөөлөгөн.

Сулейманиге болгон кол салуудан кийин Иран АКШдан өч аларын билдирген. Азырынча Ирандын мамлекеттик ЖМКлары генерал тууралуу сюжеттерди, анын акыркы интервьюларын, шейит кеткен генералга багышталган дубаларды көрсөтүп жаткан учуру.

Иранда Сулеймани улуттук баатыр деп эсептелет. Ал тууралуу бир канчалаган көркөм жана документалдуу тасмалар тартылган. Анын ысымына байланыштуу наамдар жана спорттук сыйлыктар да бар. Иранда көпчүлүк Сулейманини президенттик шайлоодо өзүнүн талапкерлигин коюуга үндөшкөн.

Мария Булыгина

Copyright © 2017 Maral FM