Биз менен байланышыңыз

Кремль сарайында кыргызстандык белгилүүлөр катышкан концерт өтөт

2022-жылдын 15-январында Мамлекеттик Кремль сарайында Россиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен достук мамилелерди чыңдоо максатында өнөктөш өлкөлөрдүн жана бир тууган элдердин жаңы жылдык гала-концерти өтөт. Бул тууралуу концерттин уюштуруучуларынын бири Ислам Сатаров «Марал» радиосуна билдирди.

Концертке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Европанын жана Азиянын эң популярдуу артисттери катышат.

Программада убакыт сынагынан өткөн хиттер, жылдыздуу дуэттер жана жагымдуу сюрприздер көрүүчүлөрдү күтөт. Гала-концертке Кыргызстандан төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчы Мирбек Атабеков, КВН резиденти Эльдияр Кененсаров, ырчы Нурчолпон, «Улуу-Көч» фольклордук камералык оркестри, Тимур Кожобеков, Байсал Изабеков жана башкалар катышат.

Ал эми гала-концертке конок катары  кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова чакырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM