Биз менен байланышыңыз

Москвада Путин менен Жээнбековдун катышуусунда гала-концерт өтөт

Без рубрики | 26 Фев 2020 | 522 | 0

Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда 27-февралда Москвада өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымдады. Анын айтымында, ачылыш аземи эки өлкөнүн чыгармачыл жамаатынын катышуусундагы гала-концерт менен коштолот.

Бул жылдын алкагында Кыргызстанда жана Орусияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Орусия президенти Владимир Путин менен да эки тараптуу жолугушат.

Мындан сырткары, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган.

Андан тышкары Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Copyright © 2017 Maral FM