Биз менен байланышыңыз

Алексей Навальныйды Берлинге алып кетишти

Дүйнө , Кыска кабар , Саясат | 22 Авг 2020 | 1410 | 0

Ууланып ооруканага түшкөн орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйды Германияга алып кетти. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун маалымат катчысы Кира Ярмыш Twitter баракчасында маалымдады.

— Алексей самолет менен Берлинге учту. Колдооңор үчүн баарыңарга рахмат. Ден-соолук жана жашоо үчүн күрөш эми гана башталды, али көп кыйынчылыктар күтүп турат. Бирок азыр жок дегенде алдыга бир кадам таштадык, — деп жазат катчы.

Ярмыштын тараткан маалыматында, Навальныйдын жубайы Юлия Навальная учакта жолдошу менен бирге кеткен.

Алексей Навальный — орусиялык оппозициячыл. Ал Коррупцияга каршы күрөшүү фондун жетектеп, бир катар чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдү жасап келет. Маалыматтар боюнча, ал Томск шаарына да иликтөө жасоо жана алдыдагы жергиликтүү шайлоого катыша турган санаалаштары менен жолугуу үчүн барганы айтылууда.

20-августтун таңында Томск шаарынан Москвага учкан учакка олтуруп, абага көтөрүлгөндө Навальный өзүн начар сезип баштаганы маалым. Учак аргасыз Омск шаарына конуп, аны тез жардам менен ооруканага алып кеткен.

Ошол эле күнү Европа лидерлери Эммануэль Макрон жана Ангела Меркель Навальныйды Орусиядан алып чыгып кетип, өз өлкөлөрүндө башпаанек берүүгө даяр экенин билдирип, 21-август күнү Германия Омск шаарына атайын медициналык жабдуулары менен самолет жөнөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM