Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «BELBRAND AWARD» музыкалык сыйлыгынын лауреаттарынын гала-концерти өтөт

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 532 | 0

24-майда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн, эң абройлуу эл аралык «BELBRAND AWARD» музыкалык сыйлыгынын лауреаттарынын гала-концерти өтөт. Бул тууралуу театрдын адабий-драмалык бөлүмүнүн жетекчилиги «Кабар» маалымат агенттигине билдирген.

Концертке Белоруссия, Сербия, Италия сыяктуу бир катар мамлекеттердин атактуу музыканттары да конок катары чакырылган. Концерттин алкагында Чайковский, Верди, Бизе, Пуччини, Молинелли сыяктуу дүйнөлүк композиторлордун чыгармалары жаңырат.

Эске салсак, аталган музыкалык сыйлык биримдикке мүчө мамлекеттердин таланттуу жаштарын колдоо, улуттук маданиятты жайылтуу, эл аралык музыкалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM