Биз менен байланышыңыз

Бейрутта аза күтүү жарыяланды (фото, видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 1326 | 0

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болду. Бейруттагы жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты

Ливандын президенти Мишел Аундун айтымында, Бейруттагы катуу жарылууга бажы кызматы конфискациялап алган 2750 тонна аммиактык селитра себеп болгон.

Ливандын расмий NNA агенттиги Бейрут портундагы жарылуучу заттар сакталган кампада өрт чыкканын, андан улам катуу жарылуу болгонун билдирди. Жарылуунун үнү Бейруттан 250 чакырым алыстыктагы Кипрдин борбору Никосияга чейин жеткен. Бул тууралуу Кипр телеканалынын журналисттери кабарлаган.

Кырсыктын кесепетинен жабыкагандардын саны барган сайын өсүүдө.

Бейруттун губернатору Марван Аббуд шаардагы катуу жарылууну 1945-жылы Япониянын Хиросима-Нагасаки шаарларына жасалган өзөктүк сокку менен салыштырды.

Губернатордун айтымында, кырсыктан калаанын жарымы жабыр тарткан. Өкмөттүн имараты, айланадагы имараттар, көчөлөр бузулуп, дагы деле болсо көп кабаттуу имараттын урандыларынын астында калган адамдар болгону айтылат.

Өлкөдө жалпы 3 күндүк аза күтүү жарыяланып, учурда Коргоо кеңеши борбор шаары Бейрутту кырсык болгон аймак деп жарыялады.

Окрестности места взрыва в Бейруте

Copyright © 2017 Maral FM