Биз менен байланышыңыз

Марадона менен кошо бир доор кетти

Дүйнө , Спорт | 26 Ноя 2020 | 875 | 0

Легендарлуу футболчу Диего Марадона бул ааламдан өттү. Анын жүрөгү Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Тигре шаарындагы өз үйүндө токтоду.

Атактуу футболчу болгону 60 жашта эле. Жакында эле, 4-ноябрда башынан операция болгону айтылган. Үйүнө 12-ноябрда чыгарылып, жакындарынын көзөмөлүндө дарылануусун улантып жаткан. 25-ноябрда таң эрте ойгонуп, абалы жакшы эмес экенин айткан, тилекке каршы, 6 бригада менен келген тез жардам кызматкерлери да өмүрүн сактап кала алган жок.

Тирүүсүндө легендага айланган, XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири Диего Армандо Марадона 1960-жылы 30-октябрда Буэнос-Айрестин чет жакасында туулган. Атасы заводдо кыш куюп иштеген, ал эми апасы үй кожойкеси болгон. Марадона үй-бүлөдөгү бешинчи бала болуп чоңойгон.

Диего окууну жактырчу эмес, ошондуктан күнү бою короодогу балдар менен топ кубалап жүрчү. Жаш Марадона футболду өз курдаштарына караганда жогорку деңгээлде ойночу, 15 жашында чоңдор арасында спорттук дебютун баштаган.

Беш жылдан кийин Марадона Аргентина футболунун тарыхындагы эң кирешелүү келишимдердин бирине кол коюп, Бокага көчүп барган. Бир жылда 28 гол топтоп, Европанын алдыңкы клубдарынын көңүлүн бурган. 1982-жылы жайында Испаниянын «Барселона» командасы жети жарым миллион доллар төлөп, Марадонаны ошол кездеги дүйнөдөгү эң кымбат оюнчу кылган. Легендарлуу оюнчунун футболдогу баш айланткан карьерасы мына ушинтип башталган.

Диегонун өлүмү тууралуу XX кылымдын дагы бир легендарлуу футболчусу, бразилиялык оюнчу Пеле Твиттерде билдирүү жазды.

 «Кандай гана кайгылуу жаңылык! Мен жакшы досумду жоготтум, а дүйнө болсо легендасын жоготту. Дагы көп нерсени айта берсе болот, бирок азырынча… Кудай үй-бүлө мүчөлөрүнө күч-кубат берсин! Албетте, бир күнү биз топту акыретте чогуу тебебиз деп үмүттөнөм».

Марадонаны өзүнө устат деп билген дагы бир аргентиналык футбол жылдызы Месси да Инстаграмда билдирүү жазып, футбол дүйнөсүндөгү чоң жоготуу деп баалады.

«Аргентиналыктар жана футбол дүйнөсү үчүн абдан кайгылуу күн! Ал бизди таштап кетти, бирок тарыхта калды, анткени Диего түбөлүктүү. Мен аны менен бирге өткөргөн эң сонун учурларды дайыма эстейм. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам! Жаның тынч эс алсын, Диего!»

Учурдагы футбол жылдызы, Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду легендарлуу футболчунун каза болгондугуна байланыштуу Твиттер баракчасына төмөнкүдөй пикир калтырды:

«Бүгүн мен досум менен коштошом, дүйнө болсо түбөлүктүү гений менен коштошот. Дүйнөдөгү эң мыктылардын бири. Теңдешсиз сыйкырчы. Ал өтө эрте кетти, бирок эч качан толтура албас зор мурас жана боштук калтырып. Тынчтык менен эс алыңыз. Сиз эч качан унутулбайсыз!» 

1980-1990-жылдары футбол жылдызы болгон Марадонанын Кыргызстандагы күйөрмандарынын да катары калың. Алардын бири Тагайбек Урматаев Марадонаны кандайча таанып, ага күйөрмандык кылган жылдарын «Маралга» айтып берди.

«Мен өзүм футболго кичинемден кызыгып баштадым. Ал эми Марадонаны таанып баштаганда жаш бала болчумун. 1980-1990-жылдары футболчунун жылдызы жанып турду. Балалык кыял менен өзүмдү Марадона сезип, футбол ойнойт элем. Анын 1986-жылы оюн талаасынын так ортосунан барып Англия курамасынын дарбазасына киргизген голу «кылымдын голу» аталганы эсимде. СССРдин оюнчусу Вагиз Хидиятуллин: «Аргентинаны Марадонасыз элестетүү кыйын», — деген баасын берген. «Марадона Бразилияны утушун каалабайм, бирок Бразилия менен ойношун каалайм», — дечү элем. Негизи Марадонанын командасына ар дайым күйөрман болуп жүрдүм». 

Атагы таш жарган Диего Марадона жашоосунда дүйнөлүк лидерлердин да сүймөнчүгү болду. Кубалык революционер Фидель Кастро, Венесуэланын лидери Уго Чавес жана башкалар менен достошту. Орусиянын президенти Путинди да өзгөчө сыйлаарын жашырчу эмес. 2018-жылы Орусияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын ардактуу коногу болуп, Путин менен сый тамак ичкен.

Албетте, аргентиналык футболчунун баш айланткан карьерасынын экинчи тарабы да жок эмес. Ал жеке жашоосунда депрессияга кабылып, баңгизат чырлары, ажырашуулар да орун алган. Мунун баары ден соолугуна терс таасирин тийгизген. Белгилүү футболчунун бир тууган эжеси бул тууралуу: «Чыныгы Диегонун жашоосу 15 жашында токтогон, ал дүйнөгө таанылгандан бери башка Диего болду, анын өмүрү футболго арналды», — деген.

Марадона профессионалдык карьерасын аяктагандан кийин узак тыныгуу жасады. 2008-жылы күтүүсүздөн Дүйнө чемпиондугуна Аргентина курама командасын жетектеп барган. Бирок, команда Түштүк Африкада жакшы оюн көрсөтө албай, чейрек финалда өз үйүнө кайткан.

Легандарлуу футболчунун урматына Аргентина бийлиги үч күндүк аза күтүү жарыялады. Аны акыркы сапарга узатуу бүгүн, 26-ноябрда «Casa Rosada» президенттик сарайында өтөт. Мындай сыйга акыркы жолу мындан он жыл мурун Аргентинанын экс-президенти Нестор Киршнер татыган. Аргентина бийлиги өлкөдөгү пандемияга карабастан, футбол күйөрмандары үчүн Марадона менен коштошууга уруксат берди.

Диего Марадонаны өз эли «алтын бала» деп аташчу. Ал 165 см бою менен Аргентинаны дүйнөгө тааныткан футболчу болду. Башкалардан айырмачылыгы: футбол аянтчасында лидер болчу, техникасы да өзгөчө эле. Жалгыз өзү бир кураманы алдыга сүрөп чыгуунун үлгүсүн да көрсөттү. Диего дайыма өзүнүн баасын билчү. Ал өзү тууралуу: «Апам мени эң мыкты футболчу деп билет. Албетте, мен эч убакта апамдын сөзүнө каршы чыкпайм», — деген жайы бар…

Copyright © 2017 Maral FM