Биз менен байланышыңыз

Иран Украинанын учагын атып түшүргөндүгү үчүн компенсация төлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 792 | 0

Украина, Канада, Улуу Британия, Швеция жана Ооганстан Иран менен биргелешип, Тегерандын жанындагы авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазды.

Кырсыктан жапа чеккен 6 мамлекет январь айында Тегерандын жанындагы авиакырсыктан курман болгондордун туугандарына компенсация берүү боюнча Иран менен биргелешип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул тууралуу 2-июлда, Швециянын Тышкы иштер министри Анн Линде Украина, Канада, Улуу Британия жана Ооганстан өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин айтты.

Бул өлкөлөрдүн министрлери компенсация төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол коюшканын Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба тастыктады.

Анн Линде Иран компенсация төлөп берерине «шек жок» деп билдирген. Буга чейин ал курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 80 миң доллар төлөөнү сунуш кылган, Украина бул сумманы жетишсиз деп эсептеген.

Украинанын Эл аралык авиакомпаниясынын Боинг 737-800 учагы 8-январда Тегерандан Киевди көздөй чыгып, борбор калаадан чыккандан кийин кырсыкка учураган. Кырсыктан 6 мамлекеттин 176 жараны каза болгон. Тегеран бийлиги Boeing жүргүнчүлөрдү ташуучу учакты Иран «байкабастан» душмандын учагы катары атып түшүргөндүгүн расмий мойнуна алды.

Copyright © 2017 Maral FM