Биз менен байланышыңыз

АКШ Иранга жаңы санкцияларды киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 626 | 0

Америка Кошмо Штаттары Тегеранга жаңы санкцияларды киргизип, Иранга өзөктүк, ракеталык жана аскерий программаларында колдонулушу мүмкүн болгон металл жана материалдарды жеткирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

«Бүгүн Мамлекеттик департамент Ирандын өзөктүк, аскердик жана баллистикалык ракета программаларына байланыштуу колдонулган 22 материалды аныктады.  Мындай материалдарды Иранга берүүчүлөргө АКШнын Эркиндик актысынын 1245-беренесине ылайык санкциялар колдонулат», — деди Помпео өз билдирүүсүндө.

Анын айтымында, Ирандын өзөктүк, ракеталык жана аскердик программалары  эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирет.

Ирандын курулуш тармагына материалдарды жеткирүүгө тыюу салынды, анткени бул тармакты Ислам революциялык гвардия корпусу көзөмөлдөйт.

Тыюу салынган металлдарга алюминийдин 7 түрү, анын эритмелери, болоттун бир нече түрү, бериллий, коло жана вольфрам-жез эритмеси кирет.

АКШ ошондой эле 2019-жылдын күзүндө графит, көмүр жана металл чийки зат сыяктуу материалдарды сатууга, жеткирүүгө же Ирандан импорттоого тыюу салган.

Copyright © 2017 Maral FM