Биз менен байланышыңыз

«Space X» Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Мар 2021 | 1483 | 0

Кыргызстанга «Space Xти» киргизип, интернетти космос аркылуу алуу — атаандаш жолдордун бири. Бул тууралуу «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, зымдуу интернет баары бир сапаттуу жана арзан. Бирок ал бардык жерде жеткиликтүү эмес. Спутник аркылуу интернетке туташуу — тоолуу аймактарда жашаган жарандарды интернет  менен камсыз кылуунун жакшы варианты.

Дүйнөдө технологиялар мыйзамдардан алдыга кетип жатат. Мыйзамдар ага жетишүүгө аракет кылууда. «Space X» сыяктуу компаниялардын демилгелерин ишке ашырууда Кыргызстан мыйзамдык маселелерди батыраак чечиши зарыл.

«Space X» сыяктуу компанияга Кыргызстандын тажрыйбасы да кызыктуу болот. Анткени бизде пилоттук долбоор сыяктуу сынап көрүшөт да, башкаларга үлгү катары айта алышат. «Кыргызстан спутник аркылуу интернет иштетти», — деп жаңылыктарга чыгышыбыз мүмкүн. Жаңы демилгелерди колдосок, анткени Кыргызстан бул багытта күчтүү. Себеби ири мамлекеттер жаңы технологияларды тез арада киргизе албашы ыктымал. Ал эми чакан мамлекеттердин алдыга жылууга мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Кыргызстан да мындай мамлекеттердин катарына кириши үчүн мыйзамдар жаңы технологияларга, демилегелерге даяр турушу керек», — дейт Султанов.

Ал белгилегендей, интернетте мүмкүнчүлүктөр менен кошо коркунучтар да көп. Маселен, хакерлер мамлекеттердин, бизнестин серверлерин талкалап жатат. Андыктан Кыргызстан кибер коопсуздукка, жарандардын маалыматын коргоого көңүл бурушу керек.

Ал эми жарандар интернеттеги маалыматтарды иргеп, ишенимдүү булактардан текшерүүнү үйрөнүшү зарыл. Жаштарды жаңы технология, математика, инженерия, искусствого үйрөтүү кажет.

Copyright © 2017 Maral FM