Биз менен байланышыңыз

«Өлкө санариптештирүү багытында абдан чоң прогресс көрсөттү»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Мар 2021 | 788 | 0

Кыргызстан эки жылдын ичинде санариптештирүү багытында абдан чоң прогресс көрсөтө алды. Анткени санариптештирүүнү баштаган кезде өлкө дүйнөлүк статистикада төмөнкү орундарда болчу. Мындай пикирин «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясы калктын баары интернет технологиялары менен камсыз болбогонун ачыкка чыгарды. Ага кошумча, интернетте кыргыз тилиндеги маалыматтар аз экени байкалды.

Мурда жер ресурстарына көп маани берилсе, учурда мамлекеттер адам ресурсуна көбүрөөк көңүл бурууда. Ал эми дүйнөдө эң чоң ишканалар — интернет компаниялар. Кыргызстанда да старптап компаниялар көбөйүүдө.

 «Биз жарандардын интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздап беришибиз кажет. Жарандарга пайдалуу кызматтар болушу зарыл. Ал үчүн бийлик туура мыйзамдарды кабыл алып бериши шарт. Маселен, интернет аркылуу бизнес түптөөчүлөргө лицензия алуунун шарттарын жөнөкөйлөштүрүп берсе, ишкердик өнүгүп, экономикага жардам бермек», — дейт Султанов.

Copyright © 2017 Maral FM