Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга «Space Xтен» кызматташуу сунушу түштү 

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Мар 2021 | 4351 | 3

Кыргызстанга «Space Xтен» кызматташуу сунушу түштү. Бул тууралуу «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, «Space Xти» өлкөгө киргизип, интернетти космостон таратуу сунушу айтылууда.

«Space X» — дүйнөнү жакшы билген компания. Алар: «Өлкөдө саясий процесстер болуп жатыптыр, ошолор бүткөн соң, кайра сүйлөшөлү», — дешти. Буюрса саясат турукташып калды, эми экономикага көңүл буруп, сүйлөшүүлөрдү баштасак болот. Бирок алгач өкмөт, жетекчилер менен сүйлөшүп, даярдыгыбызды аныкташыбыз керек. Эгерде даяр болсок, ушундай ири компаниялар менен бетме-бет сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар», — дейт Султанов.

Султановдун баамында, эгерде аталган сунуш ишке ашса, республиканын бардык аймагын интернет менен камсыз кылууга шарт түзүлөт. Ошондой эле Кыргызстан космос аркылуу интернетке туташкан алгачкы өлкө катары каралат жана бул башка өлкөлөргө үлгү боло алат.

Кыргызстандын бардык аймагы интернет менен камсыздалса, экономикалык өнүгүүгө да себепчи болот. Ал үчүн бийлик тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып бериши керек.

“Space X” Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

 

 

3 пикир

3 пикир

  1. Pingback: Кыргызстанга «Space Xтен» кызматташуу сунушу түштү | Ring.Kg

  2. Сооронбай Жээнбеков

    10.03.2021 16:25

    “Алгач өкмөт менен сүйлөшүүбүз керек” дегени, РК, РФ деген “өкмөт” эмеспи дейм да ушул…

  3. Анарбек Мамытов

    12.03.2021 13:11

    Пайдасы жок дегенде озубуздун спутнигибиз болуп калат эле.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM