Биз менен байланышыңыз

«Түндүк» порталы жабылдыбы? «Инфоком» жооп берди

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 850 | 0

Социалдык тармактарда «Түндүк» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталынын жабылганы тууралуу маалымат тарады. Анда сайтты ачканда атайын эскертүү чыгып, портал мындан ары иштебей турганын кабарлаган жазууну окууга болот.

Бул жагдайды билүү үчүн «Түндүк» порталында жазылган телефон номурга чалганыбызда, эч ким жооп берген жок. «Инфоком» ишканасынын Call-борборундагы оператор «Түндүк» ишканасы жабылганын, бирок портал иштей берерин айтты. Мындан ары аталган порталга «Инфоком» ишканасы ээлик кыла турган болду.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинети тууралуу кабыл алынган мыйзамга ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, санариптештирүү саясатын жүргүзүү милдети Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM