Биз менен байланышыңыз

Боронов: Квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин күчөтүү керек

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 497 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кубатбек Боронов санариптештирүү өлкөнүн экономикалык саясатында бирден бир артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, «Түндүк» системасына кошулуу жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй жатканын сындады.

Мындан сырткары, квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин күчөтүү зарылдыгын айтып, маалыматтык технологиялар кылымында Кыргызстан маалымат, байланыш тармагында мүмкүнчүлүгү кенен өлкө болуусу керектигине токтолду.

«Digital CASA долбоорунун алкагында аймактык Дата-борборлорунун курулуштарын курууну, аймактарды интернет менен камсыз кылууну тездетүү зарыл», — деди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр «Түндүк» системасына кошулуу ишин күчөтүү үчүн бардык мамлекеттик мекемелерге, ар бир мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук түрүнө өтүү процедурасын тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле, тапшырманы өз убагында аткара албаган жетекчилер жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM