Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга эл аралык каттамдардын «эшиги» толук ачыла элек

Коом | 10 Сен 2020 | 4390 | 1

Кыргызстан 21-августта 31 өлкөгө авиа каттамдар боюнча эшигин ачты. Орусия менен сентябрь ичинде 20 рейс аткарылды. Башка мамлекеттерге авиа каттамдар качан калыбына келтирилет жана авиакаттамдар качан мурдагы абалына келет?

Кайсы өлкөлөр менен туруктуу каттамдар ачылды?

Учурда Кыргызстан отуздан ашык өлкөгө эшигин ачып, анын ичинде Түркия, Бириккен Араб Эмираттары менен туруктуу каттамдар ачылып иштеп жатат. Ошондой эле Кувейт менен туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, аны ачуу боюнча чечим чыккандыгын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, Орусия менен дагы туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Азыр Казакстан жана Өзбекстан менен туруктуу каттамдарды аткаруу боюнча чечим чыкты. Ушул сентябрь айынын ичинде каттамдар аткарыла баштайт. Туруктуу каттамдарды ишке ашыруу боюнча учурда Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» , — деди Акышев.

Орусия чек арасын ачып, тиешелүү чечим чыккандан кийин туруктуу каттамдар аткарыла баштайт. Бирок азыр чартердик каттамдар Орусиянын көп шаарлары менен аткарылып жатат.

Мындан сырткары, мурда Орусиянын төрт шаары менен чартердик каттамдар аткарылып жаткан болсо, сүйлөшүүлөрдүн негизинде дагы 2 шаар — Красноярск жана Сургут шаарлары кошулду. Эгерде, Орусиянын башка шаарларында жашаган Кыргызстандын жарандары да учактарды ачуу боюнча кайрылышса, чартердик каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Кимдер Орусияга кире алат? 

Учурда бир катар кыргызстандык жарандарга Орусияга кирүүгө уруксат берилди. Алар:

— Орусиянын жарандыгы барлар;
— Орусияда жакын туугандары барлар (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө);
— медициналык жардамга муктаждар;
— жакын туугандары каза болсо;
— бейтапты караган адамдар;
— спортчулар ж.б.

Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун 8-августта берген маалыматына ылайык, калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок бул чектөөлөр да жакында алынат.

Ал эми окуусуна кете албай жаткан студенттер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Орусия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдердин үстүндө иштөөдө.

Туруктуу каттамдарды ачуу боюнча ар бир өлкөнүн өзүнүн санитардык эпидемиологиялык абалына жараша талаптары болот, мына ошол талаптардын негизинде гана кабыл алат.

Авиация тармагындагы жергиликтүү жаңылыктардан

Өлкө ичинде августтан баштап Бишкек-Ош туруктуу каттамы менен күнүнө 2-3 рейс ишке ашырылып келсе, ушул айдын аягынан баштап Жалалабад жана Баткен облусутарына да каттамдар ачылып, учууларды Tez Jet Airlines авиакомпаниясы ишке ашырмакчы.

Авиакаттамдар качан мурдагы абалына келет?

Авиакаттамдардын мурдагыдай абалына качан кайтып келээрин божомолдоп айтуу кыйын экендигин жана бул дүйнөлүк эпидемиологиялык абалга жараша боло тургандыгын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев кошумчалады.

Ар бир өлкөнүн өзүнүн эпидемиологиялык абалына жараша этап-этабы менен авиакаттамдарды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр уланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM