Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен жолугушту

Кыска кабар | 29 Авг 2020 | 570 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын ишкерлик субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу жак (Бизнес-омбудсмен) Робин Орд-Смит менен жолугушту.

Өкмөт башчы өлкөнүн айрым экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, COVID-19 пандемиясы өкмөттүн ишине айрым өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизгендигин белгиледи.

«Өкмөт тарабынан олуттуу иштер аткарылды жана бүгүнкү күндө ишкерлик субъектилеринин экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүүгө, кичи жана орто бизнести колдоого багытталган сунушталган чаралардын оңдуу натыйжаларын байкоого болот», – деди Боронов.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды, анын катарында Бизнес-омбудсмен институтун күчтөндүрүү, институттун мындан аркы кадамдары, «Ишкерлик субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу жак (Бизнес-омбудсмен) жөнүндө» Мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алууга тийиштүү маселелер талкууга алынды.

Робин Орд-Смит Өкмөт башчыга Бизнес-омбудсмен институтунун алгачкы айдагы иштери, негизги жыйынтыгы жана корутундусу тууралуу маалымат берди.

«Биз мамлекеттик органдар тарабынан институт тарабынан кароого алынган бир катар иштер боюнча жогорку деңгээлдеги өз-ара аракеттешүүнү байкоодобуз. Албетте, сурама маалыматтарга кайдыгер мамиле жасаган жана кызматташууга кызыкдар эместигин көрсөткөн мамлекеттик органдар да бар, ошол эле учурда институт мамлекеттик органдардын оппоненти эмес, ишкерлер үчүн маанилүү милдеттерди чечүүдө өнөктөш катары чыгат», – деди Робин Орд-Смит.

Ал белгилегендей, пандемия институттун ишине түзөтүүлөрдү киргизди, муну эске алуу менен бүгүнкү күндө институт маанилүү багыттар, анын ичинде инвестициялык жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу максатында мыйзамды өркүндөтүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ишти күчтөндүрүү боюнча даярдыгын билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM