Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Орусияда жаракат алган 51 кыргызстандыкка жардам берүүнү тапшырды

Кыска кабар | 27 Сен 2020 | 1031 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы Толук элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва облусунун (РФ) Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттан билдиришти.

Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды.

Ошондой эле жаракат алган мекендештердин дарылануусун элчинин жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.

Муну менен катар кырсыктын келип чыгуу себебин иликтенген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди.

Эске салсак, көпүрөнүн кулашынан 51 кыргызстандык жаракат алган, алардын төртөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM