Биз менен байланышыңыз

Боронов: Жер-жерлерде кандайдыр бир маселелер болсо, өз учурунда айтуу зарыл

Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 918 | 0

Эпидемиологиялык кырдаалды туура талдоо абал курчуп кеткен учурда ыкчам жана тез жөнгө салууга жардам берет жана кандайдыр бир катачылыктардын алдын алат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын кезектеги отурумунда билдирди.

«Ошол эле учурда башка өлкөлөрдөгү жагдайга мониторинг жүргүзүп туруу зарыл. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн башка мамлекеттер кандай аракеттерди көрүп жатканын, негизинен кайсыл оорулар COVID-19 менен байланыштуу экендигин билүү маанилүү. Кандай гана маалымат, тажрыйба болбосун, мекендештердин өмүрүн сактап калууга жардам берет«, — деди Боронов.

Өкмөт башчы бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын  ишинин ырааттуулугунун маанилүүлүгүн белгилеп, эгерде жер-жерлерде кандайдыр бир маселелер болсо, аларды ачык жана өз учурунда айтып туруу зарыл экендигине токтолду.

Ошондой эле ал облус жетекчилери аймактардагы абал боюнча күнүгө отчёт берип турууга тийиш экендигин айтып, азыр өлкөдө кырдаал салыштырмалуу жакшы, бирок вирус жоголду дегенге негиз жок экендигин белгиледи.

«Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кайрадан жарандардын коронавирус инфекциясын жугузган учурлары катталууда жана Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдөгү кырдаал начарлап бараткандыгы жөнүндө билдирүү жасады», — деди Өкмөт башчы.

Copyright © 2017 Maral FM