Биз менен байланышыңыз

Боронов: Чакан бизнес 80% кайрадан калыбына келди

Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 582 | 0

Бизнести колдоо боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан колдоолордун натыйжаларын байкоого болот. Чакан бизнес 80 пайызга чейин калыбына келип калды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маалыматтар патенттин негизинде иш алып барган чакан жана орто бизнестин мониторингинин жыйынтыгында алынган. Эгер 2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттин саны 95-97 миңге жетсе, март айында анын саны 20 миңге чейин азайган. Азыр бул көрсөткүч 75 миң патентке жакындап калды. Мындан тышкары, 2020-жылдын 8 айында салык кирешелердин көлөмү 2019-жылдын көрсөткүчүнүн деңгээлине жетип калды (2019-жылдын январь-август айында – 38,9 млрд сом болсо, 2020-жылдын январь-август айында – 37,5 млрд сом).

“Чакан жана орто ишкерлик субъектилерине жеңилдиктерди түзүү жана бирдиктүү салык декларациясын оптимизациялоо боюнча иш жүрүүдө. Санарип технологияларды колдонуу менен чек арадан товарларды алып өтүү процедуралары жеңилдетилүүдө, ал өз учурунда контрабанданын азайышына алып келет. Бул иштин негизги элементтеринин бири “Бир терезе/бир токтотмо” долбоорун ишке ашыруу жана бажы кызматында электрондук декларация толтуруу, ошондой эле Салык кызматынын «Санарип салым» сервердик моделине өтүүсү. Мындан тышкары, инвесторлордун жана ишканалардын алдында турган маселелерди тез арада чечүү максатында, Өкмөт өнөр жай ишканаларын жана инвестициялык долбоорлорду колдоо боюнча кураторлук механизмин киргизүүдө. Биринчи тапта бул тизмеге 29 кайра иштетүүчү, тамак-аш жана жеңил өнөр-жай ишканалары, ар кыл тармактагы 10 инвестициялык долбоор кирди”, — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кайрылып, бизнести колдоо максатында антикризистик чаралар көрүлдү, Өкмөттүн 2020-жылга карата Социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракет планы бекитилди, бирок мурдагыдай ыкмалар менен экономиканы кайра калыбына келтире албайбыз.

“Көнүп калган шаблондор менен иш алып барганды токтогуш керек. Айрым багыттар боюнча ишкерлерди колдоп, инвесторлордун ишенимин кайтарып, экономикадагы терс тенденцияларды өзгөртө турган стандартуу эмес, тез кадамдар зарыл”, — деди Кубатбек Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM