Биз менен байланышыңыз

Келечектеги 10 санариптик тенденция

Блог , Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 1264 | 0

Эл аралык санариптик корпорациянын ушул жылга карата санариптик трансформация жөнүндөгү отчетуна ылайык, санариптик кайра түзүү боюнча демилгелер ишкананда беш жыл ичинде толукталат. Төмөнкү аныкталган 10 божомолдун натыйжасында санариптик кайра түзүүнүн келечектеги тенденцияларга негизделген эки негизги тобу аныктады, алар лидерлер жана артта калгандар.

Технологиялык жактан өнүгүп жаткан ишканалардан артта калбас үчүн, коммерциялык уюмдар адаптацияланышы керек.

Төмөндө Эл аралык санариптик корпорациянын санариптик трансформациясынын 10 башкы божомолу кийинки бир канча жылдарга карата сунушталды:

  • 1-божомол: 2020-жылга карата эң аз дегенде уюмдардын 55%ы рынокторду кайра түзүү жана келечекке жаңы бизнес-моделдердин, санариптик продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөргө кайра баа берүү менен бирге санариптик формага өтөт.
  • 2-божомол: 2020-жылга карата санариптик технологиялар боюнча директордук кызматынын мааниси төмөндөйт, себеби санариптик технологиялар толугу менен ишке киргизилет, бирок компаниялардын жетекчилеринин 60%ы иш убактысынын көп бөлүгүн санариптик демилгелер менен алектенип өткөрөт.
  • 3-божомол: Кардарлардын кызыкчылыгын коргоого өзгөчө маани берүү, 2020-жылдын аягында В2С брендинин 60%, керектөөчүлөрдүн  лоялдуулугу индексин жетишкендиктин көрсөткүчү катары пайдалануусуна алып келет.
  • 4-божомол: 2020-жылга карата ишканалардын 80% маалыматтарды  башкаруу жана монетизация мүмкүнчүлүктөрүн түзүшөт, мунун натыйжасында ишкананын функциялары жакшырат, атаандаштык күчөтүлөт жана жаңы кирешелер булактары түзүлөт.
  • 5-божомол: 2020-жылга карата G2000 компанияларынын 30%ы өздөрүнүн операциялык процесстеринин алдыңкы санариптик виртуалдык көчүрмөлөрүн ишке киргизет, мунун натыйжасында акыл эмгегин талап кылган кызматкерлерди үч эсеге аз жалдоо мүмкүнчүлүгүн берет.
  • 6-божомол: 2023-жылга карата жумушчулардын 35%ы боттор же жасалма интеллекттин башка формалары менен иштей башташат, андыктан компаниялардын жетекчилери операциялык процесстерин, өндүрүмдүүлүктүн көрсөткүчтөрүн жана персоналды тандап алуу стратегиясын өзгөртүүсү керек.
  • 7-божомол: 2020-жылда G2000 компанияларынын 30%ы өздөрүнүн санариптик стратегиясын өнүктүрүү үчүн кирешесинин 10%ына барабар болгон капиталдык бюджет бөлүшөт.
  • 8-божомол: 2021-жылга карата Операциялык чыгымдарын 35%га кыскартуу менен бирге блокчейндерди колдогон көрүнүктүү өндүрүштүк-сатып өткөрүүчү түзмөктөр өздөрүнүн санариптик платформаларын ар кыл түрдөгү экосистемага чейин кеӊейтишет.
  • 9-божомол: 2021-жылга карата бүткүл дүйнөдөгү өндүрүүчүлөрдүн жана чекене сатуучулардын 30%га жакыны блокчейн сервистеринин жардамы менен санариптик ишенимди калыптандырышат, мунун менен биргелешип ташып келүүнү камсыз кылышат жана керектөөчүлөр продуктылардын келип чыгуу таржымалын билүү мүмкүнчүлүгүнө  ээ болушат.
  • 10-божомол: 2023-жылга карата ишканалардын 95%ы натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн жаңы санариптик топтомун ишке киргизишет, алар санарип экономикага багыттоо максатында продуктылардын инновацияларынын, маалыматтарды капиталдаштырууга жана кызматчылардын тажрыйбасына багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM