Биз менен байланышыңыз

Ыссык-Ата районунда электондук кезеке туруу ийгиликтүү ишке ашырылууда

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 659 | 0

Ыссык-Ата районунда бала бакчаларга электондук кезекке туруу ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министирлигинин басма сөз катчысы билдирди.
Билим берүү жана илим министирлиги Чүй областынын Ысык-Ата районунда мектепке чейинки балдарды электрондук кезеке алуу боюнча иш алып барып жатат. Жакынкы убакытта аталган райондогу бала бакчалардын жетекчилерине бул боюнча тренинг өтүү пландалып жатат.
Бул программанын башкы максаты коррупциясыз, ачык жана таза түрдө балдарды бала бакчаларга алуу болуп саналат.
Эскерте кетсек, былтыр Бишкек жана Ош шаарларында электондук кезекке туруу системасы ишке ашырылган. Ушул убакка чейин аталган шаарларда 13 миң бала электрондук кезек менен бала бакчаларга алынган.

Copyright © 2017 Maral FM