Биз менен байланышыңыз

Мектепке электрондук каттоо системасына 7,5 миңден ашуун өтүнмө түштү

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 601 | 0

8-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 7771 өтүнмө келип түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Шаар аймактары боюнча бөлүп карай турган болсок, Ленин районуна  — 2181, Октябрь районуна – 1883, Биринчи май районуна – 1713, Свердлов районуна – 1994 өтүнмө келген. Мунун негизинде 5314 өтүнмө кабыл алынды, 1869 өтүнмө жактырылды, 133 өтүнмө каралып жатат.

«Мектепке электрондук каттоо» — мектеп жашына жеткен балдарды Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерине 1-класска кабыл алуу жараянын автоматтык негизде каттоо системасы.

Электрондук өтүнмөлөр ушул жылдын 15-майына чейин кичи райондордо, ал эми 16-майдан 15-августка чейин калктуу конуштарда кабыл алынат.

Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын кезектеги кыймылын жана мектепке катталуусун ар учурда компьютерден да, смартфондон да көрө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM