Биз менен байланышыңыз

Мектепке электрондук каттоо долбооруна дагы 5 шаар кошулат

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 525 | 0

2020-2021-окуу жылына карата балдарды мектепке электрондук каттоо системасы менен кабыл алуу Кыргызстандын дагы беш шаарында жүргүзүлө баштайт. Алар: Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Долбоорго кошулган шаарларда электрондук каттоо 15-февралдан башталат. Ал үчүн балдарын биринчи класска берүүнү көздөгөн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg/ порталына катталып, талап кылынган бош талааны толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек.

Учурда долбоорго катышкан беш шаарда тиешелүү органдар тарабынан даярдык иштери жүрүп жатат: биринчи класска бара турган балдардын тизмеси, документтери жана башка маалыматтар такталууда.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарынын мектепке жазылуусун жеңилдетет.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында  Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM