Биз менен байланышыңыз

Баткенде 10 айылга санариптик берүү жеткиликтүү эмес

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 766 | 0

Баткен районунун Кыштут айылына телемунара орнотулуп, санариптик телеканалдар көрсөтүлө баштады. Мындай маалыматты айыл башчысы Иса Улукбеков билдирди. Анын айтымында, буга чейин аталган айылда Кыргызстандын бир да каналы тартпай келген. Учурда 15 каналды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Буга чейинКыштут айылынын жашоочулары кайрылуу жасашкан. Натыйжада, жергиликтүү бийлик тарабынан акча каралып,теле толкундарды таркатуучу шаймандар алынып, санариптик теле мунара орнотулду.

Эске сала кетсек, Баткен облусунун аймагында жалпы 49 санариптик чагылдыруу аппаратуралары орнотулуп, сапаттуу эфирлер берилүүдө. Бирок учурда облустун 10 айылы санариптик берүүлөргө жеткиликтүү эмес.

Copyright © 2017 Maral FM