2011-жылы Кыргызстанда санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Мамлекеттик программа кабыл алынган. Бирок Баткен облусунда 11 айыл санариптик берүүгө туташылбай калган.
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Достук айылында санариптик теле берүүлөр көрсөтүлбөйт. Айыл тургуну Зейнеп Жакыпованын балдары өзбек телеканалдарын көрүп, өзбек тилинде сүйлөп калышкан. Кыргызстанда эмне жаңылык болуп, кандай өзгөрүү болуп жатканынан кабары жок.
-Бизде көп жылдан бери Кыргызстандын телеканалдары көрсөтпөйт. Биз Өзбекстан, Тажикстандын телеканалдарын көрөбүз. Балдарыбыз өзбекче сүйлөп калган. Эмне кылабыз, айла жок көрөбүз да. Бирок Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан кабардар болбой калат экенбиз. Ал эле эмес Кыргызстандын уюлдук телефондору да тартпайт. Тажик симкарталарды пайдаланабыз.
Баткен районунун Кыштут айылында да санариптик телеберүүлөр көрсөтпөйт. Кээ биржерде көрсөтүп калат. Ал да үзгүлтүккө учурап турат дейт айыл тургуну Гүлкайыр Ашыралиева
-Санарип аркылуу көрсөтүүлөрдү көрбөйбүз. Бизде андай көргөзбөйт.Айылдын кээ бир жеринде көрсөтөт дейт. Ал дагы катып жакшы көрсөтпөйт экен. Тажик каналдарын көрөбүз. Балдарым болсо спутник антена менен көрүшөт
Ал эми Чет-Булак жаңы конушунун тургуну Дастанбек Акматали уулу өткөн жылдан бери санариптик теле берүүлөрдү көрүп келет. Айтымында, санарипке өткөндөн бери берүүлөрдүн сапаты жакшырып, каналдардын саны көбөйгөн. Уул кыздары менен каалаган программасын көрө алышат. Буга чейинки аналогдук теле берүүлөрдө күн сайын эле көрсөтүүлөр үзгүлтүккө учурап турчу дейт.
-Каалаган учурда каалаган каналды көрөбүз. Музыка, жаңылыктар дегендей. Кыздарым болсо мультиктерди көрүшөт. Мурда аналогдук берүүдө кээде тартып, кээде тартпай ар кандай учурлар болуп турган. Азыр заманга жараша жакшырып жатат.
Облус аймагында жалпы 48 санариптик чагылдыруу аппаратуралары орнотулуп, сапаттуу эфирлер берилүүдө. Бирок облуста жалпы 204 айылдын 11инде 100гө жетпеген кожолук жашагандыктан, санариптик берүүлөргө уланбай калган. Учурда бул айылдарда спутник аркылуу көрсөтүүлөр чагылдырылып турат. Ошол эле учурда чек арадагы айылдарда кошуна өлкөлөрдүн толкундары кубаттуу болуп, алардын теле берүүлөрүн көрүүгө мажбур болушат. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров:
-Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара аймактарда жашаган тургундардан да бизге башка мамлекеттин каналдарын көрүп жатабыз деген кайрылуулар түшкөн. Аларга да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар үйүндөгү антеннасын Өзбекстан тарапка каратпай, санариптик аппаратуралар жайгашкан тарапка коюшса, санарип чагылдырылат, — дейт.
2011-жылы Кыргызстанда санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Мамлекеттик программа кабыл алынган. Аталган программага ылайык, «Санарип технологиялары» ЖЧКсы мамлекет акысыз бөлүп берген 2 мультиплекске 22 жеке телеканалды бириктирди.
Санариптик сигнал атмосфералык жана техногендик тоскоолдуктарга туруштук бере алат, ошондуктан санариптик берүүдө үн да, сүрөт да аналогдук берүүгө караганда ар дайым артыкчылыкка ээ болот. Бир эле өткөрүүчү тилкеде аналогдукка караганда бир канча көп санариптик канал батат. Мунун жыйынтыгында, өлкөдө телеканалдар саны өсүшү мүмкүн, бул үчүн техникалык негиз түзүлгөн.