Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 869 | 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында 2018-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.

Жыйында «Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралат.

Эске салсак, санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча эксперттик тегерек стол Коопсуздук кеңеши жана президенттик аппарат жетекчилигинин катышуусу менен ноябрдын аягында өткөн. Анда санариптик технологияларды өнүктүрүу, мамлекеттин бардык тармактарына колдонуу өлкөнүн атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмүн арттырып, коопсуздук жана бакубатчылыкты шарттаарын баса белгилешкен.

Copyright © 2017 Maral FM