Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 354 | 0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот.

Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүүдө коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө маселелери каралат.

Мындан сырткары, Улуттук коопсуздуктун концепциясы каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат:

-Төраганын орун басары Таалатбек Масадыков;

-Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

-Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров;

— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— Башкы прокурорКурманкул Зулушев;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;

— Ички иштер министри Улан Ниязбеков;

— Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Ошондой эле, жыйынга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.

Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат. Түз эфир 10-00до башталат.

Copyright © 2017 Maral FM