Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 26-ноябрда Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өттү. Анда эки күндөн кийин боло турган парламенттик шайлоону өткөрүүдө коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо, эң негизги көйгөй болгон өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна чара көрүү маселеси каралды. Ошол эле учурда Улуттук коопсуздуктун концепциясы талкууланды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Президент Садыр Жапаров төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин жыйынында 28-ноябрдагы парламенттик шайлоону өткөрүүдө коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна чара көрүү маселелери каралды.
Жыйында президент Садыр Жапаров биринчи эле кезекте алдыдагы шайлоонун маанилүү экенине токтолуп, шайлоочуларды эркин добуш берүүгө чакырды. Ошондой эле ал бул шайлоодо мыйзам биринчи орунда турарын, элдин өз каалосу менен ачык демократиялык тандоо жүргүзүлөрүн белгиледи.
«Мен талапкерлерди жана саясий партияларды ак ниет жана ачык болууга чакырып кетем. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо сиздердин ортоңуздардагы кызмат жана бийлик үчүн күрөш болбошу керек. Шайлоого жана өлкөнүн келечегин аныктоого мындай мамиле кылсак, биз баарын уттурабыз, биздин өлкө уттурат. Акыркы жыйынтыгында биз улутубузду жана балдарыбызды өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратабыз. Бул шайлоодо сиздер:
- Кыргызстанда мыйзам биринчи орунда турганын эске аласыздар;
- биздин өлкөнүн, биздин элдин келечегине кайдыгер мамиле кылбайсыздар;
- элдин өз каалоосун, өз эркин билдирүүсү куру сөз эмес, демократиялык жана ачык мамлекетти курууга негиз экенин көрсөтө аласыздар деп ишенем.
Мен президенттик кызматка киришкенде шайлоо мыйзамдарынын айрым ченемдерин карап чыгуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды бергем. Жаңы Конституция жана мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр биздин мамлекетте башкаруунун жана чечимдерди кабыл алуунун таптакыр жаңы системасын курууга мүмкүндүк берет».
Эң негизги милдет жарандардын шайлоо укуктарын жана талапкерлердин шайлануусун толук ишке ашырууга шарт түзүү экенин белгилөө менен сөзүн баштаган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоочулардын саны жылдан-жылга өсүп, акыркы шайлоо тизмесине 3 млн 703 миң 420 шайлоочу киргизилгенин белгиледи.
«Добуш берүүнү уюштуруу үчүн өлкөдө 2494 шайлоо тилкеси ачылды, анын 59у чет мамлекетте. Шайлоо тилкелеринде 30 миң 508 комиссия мүчөсү иштеп жатат. Ошондой эле бир мандаттуу шайлоо округдарында 36 комиссия түзүлдү. Аларда жалпы 490 мүчө бар. Бүгүнкү күндө бир мандаттуу округдан 282 талапкер шайлоого катышуусун улантып жатат. Ал эми партиялык тизме менен 21 партия катышып, 1004 талапкер ат салышууда. Бүгүнкү күндө жалпысынан 157 арыз БШКга келип түштү. Алардын 42си добуш сатып алуулар жөнүндө, 69 билдирүү үгүт иштерин бузуу жөнүндө, 31 кайрылуу административдик ресурс колдонуу жөнүндө, 15и башка бузуулар боюнча. Азыр 19 билдирүү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Жалпы шайлоо өткөрүү сметасы 592 млн 531 миң сом болду, чет өлкөдөгү участкаларга 18 млн сом бөлүндү».
Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Марат Иманкулов эки ай ичинде штаб 9 жолу жыйын өткөргөнүн айтып, жасаган иштери боюнча маалымат берди. Ошондой эле ал штаб күн сайын байкоо жүргүзүп жатканын белгиледи.
«Укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен шайлоого чейин жана шайлоо өтө турган күнү коомдук тартипти сактоо, калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер каралып, мыйзам бузуу фактылары боюнча өз учурунда жасала турган иш планы талкууланып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Бул жерде талапкерлерди каттоо учурунан тартып, 25-ноябрга чейин 305 факт катталган. Иштин бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү иликтөөлөр жүргүзүлүп жатат. Айрым фактылар боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында талапкерлер БШКнын чечими менен шайлоодон четтетилди. Бул — добуш сатып алууга каршы мыйзамдуу катуу чара көрүлүп жатканынын көрсөткүчү. Штаб тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууну болтурбоо боюнча бардык күч-аракет жумшалган. Анын ичинде административдик ресурс колдонууга бөгөт коюуга өзгөчө басым жасалууда. Штаб тарабынан күн сайын коомдук абалга байкоо жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда ИИМ тарабынан шайлоо күнү коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти жөнгө салуу үчүн 11 миңден ашуун кызматкер ишке тартылат. Ал эми шайлоо тилкелеринде 5 миңге жакын милиция кызматкери иштейт. Мындан сырткары Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын 1700 кызматкери шайлоо күнү жол кыймылына көз салат».
Марат Иманкулов ошондой эле шайлоо күнү ички жана сырткы коркунучтардын алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады. Мындан сырткары ал шайлоолор адилеттүү жана ачык өтө турганына ишенимин билдирди.
Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоо учурунда жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуп алуу учурларын болтурбоо үчүн тыкыр көзөмөл жүргүзүп, санитардык талаптардын так сакталышына шарт түзүүнү, тез жардам топторунун күнү-түнү нөөмөтүн уюштуруу, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууну, БШК мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды.