Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Суваналиев: Мен коопсуздукту көзөмөлдөйм

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 716 | 0

Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү кырдаал боюнча Коопсуздук Кеңеши иштеп жатканын билдирди. Ал «Марал» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, азыр легитимдүү бийлик катары абалды турукташтырганга аракет кылып жатканын айтты.

— Биринчиден, азыр мен Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары катары кураторлук кылуудамын. Болуп жаткан кырдаалды жөнгө салуу үчүн укуктук ченемдерибизди колдонуп, аракет кылып жатабыз. Бизде бир гана милдет — коопсуздукту көзөмөлдөө жана өлкөнүн стабилдүүлүгү, — деди Суваналиев.

Өмүрбек Суваналиев шайлоо өнөктүгү башталганга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматында болгон. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган.

Анын айтымында, кырдаалдан улам кызматына убактылуу кайтып келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM