Биз менен байланышыңыз

Догоев: 37 орган маалыматтарды электрондук түрдө алмашууда

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Ноя 2019 | 807 | 0

«Түндүк» системасы аркылуу 37 мамлекеттик орган маалыматтарды өз ара электрондук форматта алмашууда. 9 миллиондон ашык электрондук маалымат жүгүртүү жүрүүдө. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Түндүк» аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматы, ИИМ, Башкы прокуратура, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги алгылыктуу иштеп жатат. Акыркы эки айда 770 миңден ашуун электрондук кызмат көрсөтүлгөн.

«Түндүк» системасы жарандарга багытталган долбоор эмес. Башкача айтканда, аталган система аркылуу жарандар маалымат алууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткени, «Түндүк» санариптик чөйрө.

«Түндүк» системасы котормочу. Маселен, Мамлекеттик каттоо системасы маалыматты кыргыз тилинде жиберсе, «Түндүк» аны орус тилине которуп, Салык кызматына жиберет. Жарандарга багытталган 2 долбоор бар. Алар: мобилдик тиркемелер жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы», — деди Догоев.

Copyright © 2017 Maral FM