Биз менен байланышыңыз

Догоев: Гарвардда окуй турганымды президент да колдоду

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 1536 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев Гарвард университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасына тапшырды. Бул тууралуу ал өзү тараткан билдирүүдө айтты.

Догоевдин 10-июнда отставкага кеткени маалым болгон. Ал кызматтан кеткени менен санариптештирүү маселеси боюнча президенттин кеңешчиси бойдон каларын айтты.

Жон Кеннеди атындагы Гарвард университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча окуу программасы бир жылдык болуп, гранттык негизде каржыланат.

Гарвард университетинде окуу маселеси боюнча президент менен да, премьер-министр менен да кеңештим. Мындай мүмкүнчүлүк жашоодо бир келерин эске алуу менен, өлкө башындагылардын мени колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирем. Бул аралыктан толук окуу менен алек болгондуктан, жакында маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгы милдетимди тапшырам. Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан мага ишеним көрсөтүлдү жана мен да бул багытты ишке ашыруу боюнча «Санарип Кыргызстан» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууда кеңешчи болууну уланта берем, — дейт Догоев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Дастан Догоевдин арызына кол коё элек.

Дастан Догоев маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп 2019-жылдын 30-майында дайындалган.

2018-жылы 5-июнда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Дастан Догоев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

2017-жылдын 22-июнунан 2018-жылдын 19-ноябрына чейин ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеди.

 

Copyright © 2017 Maral FM